Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры №42
Баткен шаарындагы жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин камсыздоо, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жаатында көзөмөлдөө жөнүндө
Баткен шаардык китепканасында 2019-жылдын 9 айында коомдук жана мамлекеттик ишмер Ж.Ибраимовдун 75 жылдыгына, Советтик коомдук ишмер И.Айдарбековдун туулган күнүн 125 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери, кыргыз Эл акыны Н.Алымбековдун туулган күнүн 75 жылдыгына карата угуза окуу , көркөм окуу жана китеп көргөзмөлөрү уюштурулган
Баткен шаардык маданият бөлүмү тарабынан 2019-жылдын 15-февраль күнү Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына жана курман болгон кыргызстандыктарды эскерүү күнүнө карата Ооган жоокерлеринин эстелигине эскерүү кечеси жана маркумдарга куран окулуп, зарп атылып, гүлчамбарлар коюлуу менен баатыр агалардын урматына жаштар үчүн бий кечеси, «Салам» радиосунда радио маек, шаардык китепканада конференция өткөрүлгөн.
Баткен шаардык китепканасында АССР борбордук обкомунун төрагасы, коомдук ишмер Орозбековдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата окурмандар арасында адабий кече, талкуу, диспут уюштурулган. Ошондой эле иш чара шаардык китепканада , Эл аралык эне тил күнүнө карата ачык эшик күнү болуп, жаңы сатылып алынган китептердин көргөзмөсү коюлган. Ардагер китепканачы жаш китепканачыларга акыл-насаатын айтып, жаш китепканачылар менен окурмандарды тейлөө боюнча өз тажрыйбасы менен ой бөлүштү.
Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Тарых барактары” деген аталышта мекен сакчылары менен окурмандардын жолугушуу, окурмандар мекен сакчылары менен биргеликте “Армия” деген эмне жана мекен сакчыларынын милдеттери, жоопкерчиликтери тууралуу талкуу жүргүзүлүп, “Эр жигит эл четинде жоо бетинде” деген темада адабий кече өткөрүлгөн.
Шаардык китепкананын туруктуу орду жок. Жыл сайын ыңгайлуу жайга көчүп жүгөндүктөн китеп фондунун китеп текчелери жок. Китепканачы жыл сайын китеп фондуна бөлүнгөн каражатка канча китеп сатылып алынаарын жана кандай китептер экендиги түздөн түз милдети экендигине карабастан билбейт.
Тарыхый- маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча:
Баткен шаар аймагындагы бардык тарыхый эстеликтер инвентаризацияланып, шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасына катталган.
”Жеңиш” эстелиги
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин урматына 1962 жылы тургузулган. Жалпы аянты 3,25сотых жерди ээлейт. Бийиктиги 5,38 метр, 3 комплекстен турат. Жалпы сметалык баасы 153 000 рубльду түзөт. 2011-жылы кайрадан реконструкциялоо жана оңдоо-түзөө иштери 1200000 сомго жүргүзүлгөн. Баткен шаарынан жана Баткен районунан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин тизмеси мрамор ташына чегирилген. Техникалык абалы жакшы, архитектура тарабынан коюлган талаптарга жооп берет, жыл сайын оңдоп- түзөтүү иштери жүргүзүлүп турулат. Жергиликтүү маанидеги эстелик болуп саналат, техникалык паспорту жана керектүү документтерин тактоо иштерин Муниципалдык менчик департаменти тарабынан жүргүзүлүп бүтүү алдында.
“В. И. Ленин” эстелиги
В. И. Лениндин урматына 1958-жылы тургузулган эстеликтин жалпы аянты 6.18, бийиктиги 4,45 метр түсү бронза, темир коркасына гипстен даярдалып куюлган, айланасы 7 м.2 мрамор ташы менен жабдылган. Жалпы сметалык баасы 111 000 рубльду түзөт. Жергиликтүү маанидеги эстелик. Техникалык абалы жакшы, архитектура тарабынан коюлган талаптарга жооп берет, жыл сайын оңдоп- түзөтүү иштери жүргүзүлөт. Жергиликтүү маанидеги эстелик, техникалык паспорту жана керектүү документтерин тактоо иштерин Муниципалдык менчик департаменти жүргүзүп жатат. Ошондой эле В.И.Лениндин эстелигин шаардагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин короосуна жылдыруу боюнча шаардык Кеңеш 2019-жылдын 16-октябрындагы XVIII-сессиясында макулдук берген.
“Эркиндик” эстелиги
Баткен шаарынын М. Нургазиев жана Т.Садыков көчөлөрүнүн кесилишине авто жолдордун айлампасына 25 м2 аянтына ортнотулган. Жалпы бийиктиги 8.6 метр Жөнөкөй курулуш плитасы менен жабдылып 1 метр 60см. жезден курулган. Белгилүү скульптор жана айкелчи Т. Садыковдун жеке эмгегине таандык. Жалпы сметалык баасы 1200 000 сомду түзөт. Техникалык абалы жакшы, архитектура тарабынан коюлган талаптарга жооп берет, жыл сайын оңдоп- түзөтүү иштери жүргүзүлүп турулат. Жергиликтүү маанидеги эстелик болуп саналат, техникалык паспорту жана керектүү документтери Муниципалдык менчик департаменттинде каттоого алынган.
“Афган баатыры” эстелиги
Баткен шаарынын Жеңиш паркынын түндүк чыгышында орун алган. Жалпы аянты 0.8 га. жерди ээлейт. Жалпы сметалык баасы 520 000 сомду түзөт. Баткен шаарынын жана районунун Афган согушунда курман болгон жоокерлердин урматына тургузулган. Автору белгилүү айкелчи С. Калматов. Эстелик 3.20 метр жезден жасалган. Жергиликтүү маанидеги эстелик. Техникалык абалы жакшы, архитектура тарабынан коюлган талаптарга жооп берет, жыл сайын оңдоп- түзөтүү иштери жүргүзүлөт. Жергиликтүү маанидеги эстелик болуп саналат, техникалык паспорту жана керектүү документтерин муниципалдык менчик департаментинде каттоодо турат.
“Манас” комплекси
Баткен шаарынын түштүк батыш тарабында орун алган жалпы 1 г8а. жерди ээлейт. Негизи Манас баатырдын эстелиги жана Манас эпосунун каармандарынын айкелдеринин ансамбли чагылдырылган. Жалпы сметалык баасы 3000 000 сомду түзөт. Манас каармандарынын эстеликтерин ташка Т.Садыков жетектеген чыгармачылык топко таандык. Бийиктиги 11 метрди түзөт. Башка ансамблдер 1,1.20,3 метрге чейин жасалган. Техникалык абалы жакшы, архитектура тарабынан коюлган талаптарга жооп берет, жыл сайын оңдоп- түзөтүү иштери жүргүзүлөт. Жергиликтүү маанидеги эстелик болуп саналат, техникалык паспорту жана керектүү документтери муниципалдык менчик департаменти аркылуу жүргүзүү
«Токтогул олуя» тарыхый жайы
Баткен шаарынын туштук тарабынан орун алган жалпы аянты 1.8га аянтын түзөт. Токтогул олуянын күмбөзү орун алган жай сыйынуу жайы болуп саналат. Айланасын бак-дарактар ээлейт. Жергиликтүү маанидеги сыйынуу жай болуп саналат. Техникалык паспорту жана керектүү документтерин муниципалдык менчик департаментинде каттоого алынган.
«Сан сарай» тарыхый-этнографиялык ачык асман астындагы музей коругу
Баткен шаарынын борборунан 2,7 чакырым алыстыкта Баткен шаарынын түндүк тарабында жайгашкан «Таттыбүбү Турсунбаева» атындагы «Сан сарай» тарыхый-этнографиялык ачык асман астындагы музей коругу. Жалпы аянты 69,9 гектар жер аянтын ээлейт. Негизинен коло доордон тартып ХVII кылымдын орто ченине чейинки элдердин колдо жасалган таштарга чегерилген сүрөттөр, «Ак-Таш Ата» саймалуу таш пайдаланган короо, сарайлары бар. Орто кылымдагы кыргыз элинин ташка түшүрүлгөн сүрөт эстеликтери, көчмөн элдин таш паспорту камтылган. Ташка чегерилген сүрөттөр байыркы кыргыз элинин жашоо образын, үрп-адатын, каада-салтын чагылдырып турат. Баткен шаарынын белгилүү жазуучу, тарыхчысы Г.Абдрахмановго таандык жеке менчик музей аймагы болуп саналат жана “Т.Турсунбаев атындагы “Сан сарай” тарыхый-этнографиялык ачык асман музейинин директору кызматын аркалап келет. Бардык юридикалык документтерге ылайыкташтырып, мамлекеттик каттоо кызматынан жеке менчик күбөлүгүн алган.
Музей жеке менчик статуска ээ. «Таттыбүбү Турсунбаева» атындагы «Сан сарай» тарыхый-этнографиялык ачык асман астындагы музейинин аймагында «Кыргызфильм» киностудиясынан бир топ фильмдеги эпизоддор жана «Уркуя» кино тасмасынын толук көрүнүшү тартылган. «Таттыбүбү Турсунбаева» атындагы «Сан сарай» тарыхый-этнографиялык ачык асман астындагы музей коругунун географиялык өзгөчөлүгү дайыма шамал жүрүп, жайкы ысыгынын орточо температурасы 40 градусту түзөт. Тарыхый-этнографиялык музей коругунун аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери колго алынып, бир топ иш аракеттер жүрүүдө. Музей коругун кеңейтүү, көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир топ мамлекеттик эмес уюмдарга долбоорлор тапшырылган. Музей коругунда Баткен шаарынын аймагындагы чөптөр, уулуу чөптөр жана жок болуп бара жаткан дары чөптөр өстүрүлөт. Музей коруктун аймагында 63кө жакын келгин куштар, балыктын 8 түрү өстүрүлөт.
Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймагындагы саймалуу таштар
Баткен шаарынын аймагынан 5 км алыстыкта , Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын түштүк-батыш тарабындагы Кара-Тоо кыркаларынын Эгиз-Кара тоосунда жайгашкан. Баткен Мамлекеттик Университетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан, аталган тоодон ташка чегилген 1000 ден ашуун сүрөттүү (петроглифтер) табылган. Сүрөттөрдө негизинен тоо текелердин, жылкылардын жана азыраак санда адамдардын, күндүн сүрөттөрү чагылдырылган. Бул сүрөттөр биздин заманга чейинки биринчи 1000 жылдыкка таандык экендиги далилденген Анткени сүрөттөрдөгү чегүү, жазуу (тартуу) өзгөчөлүгүн жана графикасын байыркы деп айтууга болот.
Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын Эгиз-Кара тоосунда жайгашкан тарыхый жазма эстеликтерди сактап калуу, корукка айландыруу максатында бул тарыхый табылгага өзгөчө көңүл бурулуп, республикалык бюджеттен 2 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, айланасын тосуу иштери бүткөрүлгөн.
Көрүнүктүү инсандардын эстеликтери.
Кыргыз элинин чыныгы патриот уулу, белгилүү мамлекеттик ишмер А.Масалиевдин эстелиги 2011-жылы май айында шаарыбыздын Т.Садыков көчөсүндөгү А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын алды жагына орнотулган. Мамлекеттик ишмер, инсандарыбыз И.Раззаков, М.Салихов жана А.Орозбеков эстеликтери 2004-жылы Т.Садыков көчөсүндөгү Баткен облустук администрациясынын күн батыш тарабына орнотулган. А.Масалиевдин эстелигинда жогорудагы инсандардын эстелигин жанына жылдыруу боюнча шаардык Кеңештин 18-сессиясында токтом кабыл алынып аткаруу иштери жүрүп жатат.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык китепканасынын китепканачысы китеп фондунда канча китеп бардыгын, китеп фонду жыл сайын канча китеп алынып толукталаарын жана башка милдетине тиешелүүлөрдү билбегендиги жана жасап жаткан иштеринде кетирилген кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2.Шаардык китепкана үчүн туруктуу “китепкана” орду менен камсыздоо жагы шаар мэрине М.Рахимовго тапшырылсын.
3.Шаар аймагындагы тарыхый маданий эстеликтерди, коруктарды, жайлардын толук маалыматтарын каттоо, сактоо жана даңазалоо боюнча инвестициялык долбоорлоо иштерин жүргүзүү, шаардын программасын иштеп чыгуу, тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча атайын китепчелерди, карталарды, брошюраларды жасап чыгаруу жагы шаар мэри М.Рахимовго тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |