Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2019-жылдын 12-декабры №45
Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алынча башкаруу органдары” жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 5-декабрдагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статясынан 26,0 миң сом кыскартып, 2211 “сапар чыгымдар” статьясына 20,0 мин сом, 2121 “соц.фондко чегерүү” статьясына 6,0 мин сом жылдырылып берилсин.
-Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылга түзүлгөн сметасынын 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 50,0 миң сом кыскарталып, шаардык Кеңештин 2111 “Эмгек акысы” статьясына 50,0 миң сом кошулуп берилсин.
2.Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жылга каралган сметасынан 2121 “соц.фондко чегерүүлөр” статьясына 10,1 мин сом, 2111 “Эмгек акы”статясына жылдырылып берүүгө макулдук берилсин.
3.Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык мечик департаментинин 2019-жылга эсептелген сметасынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 2000,0 мин сом, 2222 “Материалдарды сатып алуу” статьясынан 700,0 мин сом, 3112 “Машина жана эмеректерди сатып алуу” статьясынан 3300,0 мин сом кыскартылып, 3111 “имараттар жана курулуштар” статьясына 6000,0 мин сом, А.Орозбеков, М.Дүйшеев көчөлөрүнө тротуар куруу жана агын суу ноолорун орнотуу үчүн, Ооган жоокерлеринин эстелигин, Чернобль кырсыгынын катышуучуларынын эстелигин куруу үчүн кошулуп берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комисиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |