Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры №46
Баткен шаарындагы “Баткен облустук гимназия жатак-мектебине “Ч.Айтматовдун” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү”, Баткен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 9-октябрындагы Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын №01-8/37 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 36-беренесинин 4-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Өмүрбекованын “Кыргыз Республикасынын айрым көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө” 2019-жылдын 10-апрелдеги протоколдук сунушунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарындагы “Баткен облустук гимназия жатак-мектебине “Ч.Айтматовдун” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 9-октябрындагы Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын №01-8/37 токтому жокко чыгарылсын.
2.Баткен облустук-жатак мектебинин Ч.Айтматов ысымы кайра алынгандыгы жөнүндө жалпыга, маалымат каражаттары аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жаштар, спорт, туризм, медицина, маданият жана социалдык жактан өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |