Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2019-жылдын 27-декабры №50
«Баткен шаар аймагында шаар куруунун жана архитектуранын нормаларын сактоо, жер казнасын пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы “Жер казынасы жөнүндө” № 49 мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтомун аткалышын боюнча Баткен шаарынын аймагынан кум шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу уруксат берүү үчүн Баткен шаарынын мэриясынын алдында 2019-жылдын 17- майындагы № 67 б буйругунун негизинде комиссия түзүлгөн. Баткен шаары боюнча 3 ишкерден арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыздардын экөөсү 0,10 гадан ал эми бирөөсүнө 8,2 карьер ачуу үчүн кайрылган. Жогорудагы арыздар Баткен шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн коммиссиянын 2019-жылдын 17- майындагы отурумунда каралып Файзулла уулу Жуманын жана А.Садыковдун арыздары канааттандырылып тийиштүү ишканалардан кортундулар алынган. Андан тышкары Баткен шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 5-декабрындагы № 03-24/328 номерлүү токтому менен Баткен шаарынын Кызыл Жолкварталынын түндүк –батыш тарабынан Ош-Баткен –Исфана жолуна Кыиай Эл Республикасынын “Бейсинь” корпорациясына таш майдалоо кум шагыл алууга 3,0 га жер 2019-жылдын 30-декабрына чейин берилген. Баткен шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 19-декабрындагы № 03 – 24 / 341 номерлүү токтому менен “Бийсинь” корпорациясына Кызыл Жол кварталынын түштүк батыш тарабынан 244+700 км 2,0 га жер жана 243+230 км 1,5 га жер шагыл алууга 2018-жылдын декабрына чейин убактылуу пайдаланууга берилген жана 2018-жылдын декабрында жерлер рекултвацияланып кайра муниципалдык менчик департаментине өткөрүлүп берилген. КР Өкмөтүнүнү №43 токтомундагы кум шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү Жобосунун негизинде жүргүзүлгөн.
Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы шаардагы жүрүп жаткан курулуштар боюнча Баткен шаардык Кеңешинин 29-март 2006-жылдагы токтому менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштардын эрежелери” жергиликтүү өз алдынча башкаруу нормативдик укуктук акттын негизинде жана нормативдик актылардын негизинде иш алып барууда. Мисалга алганда, Баткен шаарына 2019-жылы 52 АПУ 10 перепрофилирование жана 3 убактылуу уруксат берилген.Бардык уруксат берилген жер участокторунун максаттуу багыттарына карата занированияга салыштырып берилген. Дал келбеген учурда Баткен шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн комиссиянын кароосуна сунушталып, комиссиянын чечиминин негизинде уруксат берилип жатат. Баткен региионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан шаардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча рейд жүргүзүлүп, 12 ар түрдүү багыттагы социалдык обьектилер жана 13 мыйзамсыз курулган жеке турак жайларга жалпысынан 2019-жылы 59 500 сом айып пулдар салынган.
Бул багытта Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына КР “Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү КР “Жарандардын кайрылууларынын кароонун тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп 38 мыйзамсыз курулуш табылган жана КР “Бузуулар жөнүндөгү” кодексине киргизилип чара көрүү боюнча тапшырма берилген.
Баткен регионалдык шаар куруу башармалыгы 38 мыйзамсыз курулган курулуштарды изилдеп анын ичинен 2 курулуштун документтери бар экендигин такталган жана 25 курулушка жайында протокол толтурулуп КР “Бузуулар жөнүндөгү” кодексинин корсотүлгөн мыйзамынын негизинде айып пул салынган жана мыйзамсыз курулушутарды буздуруу жана алгачкы калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү үчүн Баткен, Сүлүктү шаарлары жана Лейлек боюнча региондо аралык экотехинспексиялык башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Ал эми калган 11 курулуштар КР “Бузуулар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде иш жүргүзүлүп жатат.
Жогоркулардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарындагы жер казыналарынын пайдаланышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Баткен шарындагы жер казынасын пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №43 токтомунун кум шагыл аралашмасын жана топурак казып алуу укутарын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү Жобосуна ылайык жүргүзүү, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.
3. Баткен шаардык шаар куру жана шаардык архитектурасы жерди пайдалануу эрежелерин, шаар куруунун жана архитектуранын нормаларын сактоодо аткарылып жаткан иштерин мындан ары толук кандуу аткаруу менен шаар ичиндеги курулуштарды, ички көчөлөрдүн нормаларын сактоо менен жыл сайын маалымат берип туру жагы тапшырылсын.
-Баткен шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу жана архитектуранын нормаларын сактоо, шаардын архитектуралык көрөнүнүшүн жакшыртуунүн үстүндө иш алып баруу Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына милдеттендирилсин.
4.Токтом Баткен облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн жиберилсин
5.Токтом Баткен шаарынын расимий сайты аркылуу жалпыга маалымдалсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |