Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №55
“Баткен шаарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга даярдыктар” жөнүндө
Баткен шаардык жана Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 2019–жылдын 3-чейрегинде турак үйлөрдү, мекеме иш каналарда мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде жана жеке ишкерлерде өрт кырсыктарын болтурбоо, өрткө каршы алдын алуу, өрт кырсыктарын жоюу максатында бир топ иштер аткарылган.
Баткен шаардык жана Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт коопсуздук эрежелерди сактоо максатында 10 жолу 848 адам менен лекция, 39 жолу 2082 адамдын катышуусунда нускамлоо жана маектешүү өткөрүлгөн.
Андан сырткары Баткен шаардык жана Баткен райондук ӨКБ нин 3-чейрекке бекитилген пландын негизинде 2-жолу “Баткен” аэропортунда, Баткен шаарындагы борбордук базарында, “өрттүк тактикалык машыгуулар өткөрүлгөн. Баткен областык көркөм сүрөт мектебинин жогорку класстарынын окуучулар арасында викторина өткөрүлүп, 42 окуучусуна экскурсия уюштурулган.
Баткен шаардык жана Баткен райондук ӨКБнүн инспекторлор курамы тарабынан өрткө каршы алдын алуу, өрттүк эрежелерди сактоо, жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Кыш мезгилинде турак жайларды өрттөн сактайлы, Жаз мезгилиндеги өрт коопсуздугу, Тилсиз жоодон сак болуңуздар, Жайкы эс алуу мезгилинде өрт кырсыгын алдын алалы, Нанды өрттөн сактайлы жана башка темаларда 21 макала шаар район аймагындагы жергиликтүү, “Кызыл Туу”, “Өрүкзар”, Баткен Таңы” басма сөз беттерине чыгарылган. Шаардык жана райондук “Радио Салам” үналгысынан 13 жолу уктуруулар, ал эми БТРК телевидениесинен 12 телеберүүлөр берилген.
Баткен шаардык жана Баткен райондук ӨКБнүн аймагында ушул жылдын 11 айында 33 өрт кырсыгы катталып, баардык өрттүн чыгымы 2031872 сомду түзүп 4650 000 сом материалдык баалуулуктар сакталып калган.
Өрт кырсыктарынын көпчүлүгү жеке менчик турак үйлөрдө болгондуктан шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлер тарабынан турак үй эсепке алынып, 1830 жеке турак үйлөргө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүп, өрт кырсыгынын пайда болушуна себепкер болгон жагдайларды изилдеп турак үй ээлерине өрт коопсуздук эрежелерин бузулган жерлерин ондоо керектигин эскертишкен. Ал эми калган турак үйлөрдү күнүнө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.
Ошондой эле 2019-жылдын 2- июлунда катуу сел жүрүп, материалдык чыгым 100100 сом түзгөн.
2019жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында “АААжКЖ” иш чарасынын негизинде 4 обьект планга кирип, Базар-Башы кварталында 1500 метр ачык типтеги дренаж тазаланган. Аэропорт участкасында селдин нугун тазалоо боюнча 400 метр сай нугу бурулган. Ошондой эле Түлкү таш участкасына сел өтүүчү сайга сел өткөрмө куруу үчүн КР ӨКМнен 20700 кг цемент, 2300 кг арматура жана 24 габион торчолору бөлүнүп жумуштар аткарылган. Андан сырткары Подстанция участкасындагы жаны конуштагы сел кетүүчү сайдын нугун буруу үчүн 835 метр бекемделген.
2020 жылга Кызыл-Дөң кварталында ачык типтеги дренажга КР ӨКМ нен 5000 мин сомдук курулуш материалдары жана Кызыл Жол кварталына 75 даана габион бөлүнүү жагы каралууда.
Жогоркулардын жана Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, чек ара, кылымыштуулук өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 3-декабрынын отурумунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга даярдыктардын көрүлүүсү боюнча аткарып жаткан иштери канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Баткен шаарындагы метептерде, бала бакчаларда, коомдук жайларда, саламаттыкты сактоо, маданий жайларда жана жалпы эле менчигинин түрүнө карабастан социалдык обьектилердин бардыгында күз кыш мезгилинде өрт коопсуздуктарын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда ар дайым даярдыктарды өз убагында көрүү менен кырсыктарды болтурбоонун алдын алуу жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ эскертилсин.
3. Шаар ичине аралап өткөн сел аранын башынан аягына чейин кошумча габион коюу үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2010-жыл үчүн долбоор даярдап киргизүү жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5. Токтом жалпыга Баткен шаарынын расимий сайты аркылуу маалымдалсын
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиянын төрагасына /Орозов А / тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |