Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №57
Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунда 140 орундуу, Чет-Булак АТОсунда 50 орундуу балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 1,3-пункуттарына жана Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында республикалык каржылануу менен 140 орундуу , Чет-Булак аймактык башкармалыгында “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмеси тарабынан курулган 50 орундуу балдар бакчаларын ишке берүү максатындагы, Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 24-декабрдагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында курулган 140 орундуу балдар бакчасы, Чет-Булак аймактык башкармалыгына курулган 50 орундуу балдар бакчасы 2019-жылдын 1-январынан ишке берилип, ачылууга макулдук берилсин.
2.Балдар бакчаларын ишке берүүгө керектүү болгон каражаттар эсептелген сметага ылайык, 2020-жылга эсептелген жергиликтүү бюджеттен каржыланууга уруксат берилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облусттук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
4.Бекитилген токтом Баткен шаарынын расимий сайты аркылуу жалпыга маалымдалсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |