Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2019-жылдын 27-декабры №58
Баткен шаар мэриясынын алдында муниципалдык «Автобаза» уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна, Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 24-декабрындагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын 2019-жылдын 23-дкабрдагы №03-21/1296 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдында муниципалдык «Автобаза» уюштурулсун.
2.Баткен шаар мэриясынын алдында уюштурулган муниципалдык Автобазанын жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
3.Муниципалдык Автобазанын ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн 13,5 штат бирдиги бекитилсин.(штат бирдиги тиркелет)
4.Токтом Баткен облустук юстиция башкармасынан мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн жиберилсин.
5.Кабыл алынган токтом Баткен шаарынын сайыты аркылуу жалпыга жарыялансын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |