Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №60
Баткен шаарынын карамагындагы жайыт жерлерин АРИС программасы менен «Жамаатык карталаштыруу» долбоорун ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1,5-пункутуна жана АРИС программасынын 2013-2019-жылдар аралыгында “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоору менен шаар аймагындагы жайыттардын картасын чийүү максатындагы Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун алкагындагы мал жайууга жарактуу жайыт жерлерин жамааттык карталаштыруу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү максатында Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын аймагындагы жайыт жерлерди АРИС программасынын “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -2”долбоорунун алкагында карталаштырууга макулдук берилсин.
2.Баткен шаарынын жайыттарынын жасалып бүткөн картасы шаардык кеңештин кезектеги сессиясында чагылдрылып көрсөтүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом жалпыга шаардын расимий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестие киргизилүү үчүн Баткен облусутук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.Ташбеков |