Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 23/4
Чаувай айылдык кеңешинде айылдык аймактын коэффициентин бекитүү жөнүндө
Чаувай айылдык Кеңешинин кезектеги чакырылган 23-сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чаувай айыл аймагында кыймылсыз мүлккө коюулуучу салыктык коэффициент 1,0 болуп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189- статьясындагы калк жашаган пункттардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйымы киргизилсин. Жыйымдын өлчөмү 100 сомдон болуп белгиленсин.
3. Чаувай айыл аймагынын аймагында киргизилген жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын өз убагында өндүрүлүп,бюджеттин киреши бөлүгүнө чегерилишин жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын салык боюнча адиси С.Шамшиевге жүктөлсүн.
Төрага
| Ж.Тешебаев
|