Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айылдык кеңешинин (VI-чакырылыштагы ) кезектеги XXIII -сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 23/7
Чаувай айыл аймагындагы “Мээрим” балдар бакчасынын башчысы А.Самиеванын 2019-жылдын 28- ноябрындагы сураныч катын кароо жөнүндө
Чаувай айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган 23-сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чаувай айыл аймагындагы “Мээрим” балдар бакчасынын башчысы А.Самиеванын 2019-жылдын 28-ноябрындагы сураныч катынын жана балдар бакчасындагы ата-энелердин 2019-жылдын 5-ноябрындагы чогулушунун протоколунун негизинде балдар бакчасындагы балдардын тамак-ашына ата-энелерден кошумчасы менен күнүнө ар бир балага 25 сомдон төлөм каралсын.
2. Каралган акча каражатын мыйзам чегинде максаттуу пайдалануу жагы балдар бакчасынын башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| Ж.Тешебаев
|