Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз VII cессиясы
2019-жылдын 3-декабры №32
БУУӨПсын «Баткен облусунун климаттык туруктуулугун “акылдуу климаттык” долбоору жөнүндө
БУУӨПсын «Баткен облусунун климаттык туруктуулугун “акылдуу климаттык” сугарууну жана селден коргоочу иш – чараларды жайылтуу аркылуу күчөтүү» долбоору жөнүндө даярдалып жаткан «Кулан-Сай жана Жайылма-Сайдан өткөн акведуктарын калыбына келтируу жана селден коргоо иш чараларын өткөрүү» долбоорун ишке ашыруу максатында, Самаркандек айылдык Кенешини V чакырылышынын кезектеги VII сессиясында карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын бюджетинен «Кулан-Сай жана Жайылма-Сайдан өткөн акведуктарын калыбына келтирүү жана селден коргоо иш чараларын өткөрүү» долбоорун аткаруу үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым катары 193 500 (бир жүз токсон үч мин беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Долбоор боюнча аткаруу жана уюштуруу иштерин Самаркандек айыл өкмөтүнө жана “Төрт-Гул” СПАсына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Сессиянын төрагасы: | М. Тулаев |