Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
2019-жылдын 28-ноябры № 20
Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катоо кызматы менен типтүү келишимин бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн Мамлекеттик каттоо кызматы менен типтүү келишимин бекитип берүү жѳнүндѳ айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Астанакуловдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл ѳкмѳтү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катоо кызматынын ортосунда түзүлгѳн келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катоо кызматы тарабынан ѳткѳрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн айыл ѳкмѳтүнүн штаттык тизмесинен жооптуу катчы бирдиги бѳлүнсүн.
3. Ѳткѳрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар Республикалык бюджеттен бѳлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
Төрага | А. Зикиров
|