Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры № 21
Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен типтүү келишимин бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн мамлекеттик салык кызматы менен типтүү келишимин бекитип берүү жѳнүндѳ айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Астанакуловдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл ѳкмѳтү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын ортосунда түзүлгѳн келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ѳткѳрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн айыл ѳкмѳтүнүн штаттык тизмесинен салыктар боюнча башкы адис, салыктар боюнча адис 2 бирдиги бѳлүнсүн.
3. Ѳткѳрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар Республикалык бюджеттен бѳлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
Төрага | А. Зикиров
|