Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIV сессиясы
2019-жылдын 27-декабры. №29/3
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн административдик имаратын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджеттери жөнүндө “Мыйзамдарына ылайык айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн административдик имаратын оңдоп түзөө долбоорун ишке ашыруу үчүн 2020-жылга үлүштүк (дем берүүчү) грантка өздүк салым катары 2020-жылдын бюджетинен 560 070 (беш жүз алтымыш миң жетимиш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн административдик имаратын оңдоп түзөө долбоорун ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн акча каражатын мыйзамдуу которуп берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исажановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Абдурахманов |