Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы №1
Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан берилүүчү субкредиттик макулдашууга кол коюу жана насыя алуу үчүн жалпы суммасы 108,0 млн сом болгон “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын пайдалануусунда турган борбордук суу кампасын күрөөгө койууга макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан берилүүчү субкредиттик макулдашууга кол коюу жана насыя алуу үчүн жалпы суммасы 108,0 млн сом болгон “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын пайдалануусунда турган борбордук суу кампасын күрөөгө койууга макулдук берүү жөнүндө сунушун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан берилүүчү субкредиттик макулдашууга кол коюу жана насыя алуу үчүн жалпы суммасы 108,0 млн сом болгон “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын пайдалануусунда турган борбордук суу кампасын күрөөгө койууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |