Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 121
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөкпул трансферт катары келип түшкөн акча каражаты жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2020-жылдын 22-апрелиндеги №01-12/57-938 чыгыш сандуу республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөкпул трансферт катары келип түшкөн 1212800 сом акча каражатын жумшоого жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө ушул суммага тактоо (уточнение) киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап талкуулап республиканын аймагындагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги №128-б буйругунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөкпул трансферт катары келип түшкөн 1212800 сом акча каражатын жумшоого шаардык мэрияга макулдук берилсин
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө ушул суммага ылайык тактоо (уточнение) киргизүүгө макулдук берилсин
3. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөкпул трансферт катары келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча шаардык кеӊеш жана шаардык мэрия менен биргеликте комиссия түзүлсүн, комиссиянын курамына шаардык кеӊештин депутаттары Шадыев М.И. жана Жолдошев Н.К. киргизилсин
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөкпул трансферт катары келип түшкөн акча каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча жана социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн
Төрага |
| К. Исмаилов |