Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 40
Долбоорго салым кошуу жөнүндө
БУУӨПсын «Баткен облусунун климаттык туруктуулугун “акылдуу климаттык” сугарууну жана селден коргоочу иш – чараларды жайылтуу аркылуу күчөтүү» долбоорун алкагында даярдалып жаткан «Р-6 каналынын бөлүктөрүн бетондоо жолу менен жана Лр 60 лотоктору жардамы менен калыбына келтируу» долбоорун карап чыгып,Төрт-Гүл айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинен «Р-6 каналынын бөлүктөрүн бетондоо жолу менен жана Лр 60 лотоктордун жардамы менен калыбына келтирүү» долбоорун аткаруу үчүн, жергиликтүү салым катары 120 900 (Бир жүз жыйырма миң тогуз жүз) сом бөлүнсүн.
2. Долбоордун аткарылышын Төрт-Гул айыл өкмөтүнө жана “Баваш” СПАсына жүктөлсүн.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |