Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 41
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервдик) талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө КРнын мыйзамына жана жашоочулардын чогулушунун протоколуна ылайык Төрт-Гүл айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына резервдерди көрсөтүү боюнча Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынын Чоң-Кара айылынын тургуну, КРнын Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Баткен аймактык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Маматкулов Тургунали Мусаевичтин жана Чоң-Кара айылынын тургуну,дыйкан чарбанын мүчөсү Артыкбаев Кутман Рыскуловичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Мариповага тапшырылсын.
Төрага |
М.Соорбаев |