Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 42
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 13385,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 13385,9 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2021-жылга кирешелер боюнча болжол 13612,7 миң сом суммасында чыгашалар боюнча болжол 13612,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2021-жылга кирешелер боюнча болжол 13700,2 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча болжол 13700,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |