Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 43
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Марипованын билдирүүсүн угуп,Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. . Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетин айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Марипова Гульнара Алишевна бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмотүнун башчысы И.Эралиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
М.Соорбаев |