Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-майы №30/125
Кызыл-Кыя шаарында коронавирус ылаӊы менен күрөшүү жана шаардын аярлуу катмарындагы жарандарга азык–түлүктөрдү, гуманитардык жардамдарды таркатуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 15–майындагы №27 протоколунун чечимин эске алып, шаар калкынын арасында коронавирус ылаӊын жайылышына жол бербөө жана аны менен күрөшүү иштерин жакшыртуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарында коронавирус ылаӊы менен күрөшүү жана шаардын аярлуу катмарындагы жарандарга азык–түлүктөрдү, гуманитардык жардамдарды таркатуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө шаардын вице–мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.А.Топчубаевге сунушталсын:
– коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө багытталган иш чаралардын алкагында, медициналык кызматкерлерди атайын коргонуучу кийимдер менен камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаал режимин сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана аны көзөмөлгө алуу жагы;
– 2020-жылдын 1-майынан баштап этап этабы менен өзгөчө кырдаал режиминде иштөөгө уруксат берилген экономикалык ишкердүүлүк жүргүзүшкөн ишкерлердин жеке гигиеналарын, ишканаларында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча тийиштүү кызматтар тарабынан рейддерди уюштуруу жагы;
– шаардагы санитардык–карантиндик посттордо эмгектенген кызматкерлерге түзүлгөн шарттарды такай көзөмөлгө алып туруу жагы;
– шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, жумушсуз, ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жалгыз бой кары картаӊдарга, муктаж болгондорго жана эмгек акылары төмөн болгон кызматкерлердин үй бүлөлөрүнө гуманитардык жардамдарды көрсөтүү иштерине кайрымдуулук фонддорду жана жеке ишкерлерди тартуу иштерин улантуу жагы;
– гуманитардык жардамдарды берүүнү уюштуруу жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө даректүү жеткирүү жагы;
– шаардын көчөлөрүн, имараттарды, соода түйүндөрүн жана башка эл көп чогулуучу жайларды, обөекттерди 0,2% дык хлор аралашмасы менен залалсыздандыруу (дезинфекциялоо) иштерин дайыма жүрзүп туруу жагы;
– коронавирус ылаӊы менен ооруган жана алар менен жакын байланышта болуп обсервацияга алынган жарандарга тийиштүү шарттардын түзүлүшүн камсыз кылуу жагы.
3. Обсервация уюштурулган имараттардагы (№7 кесиптик лицей, №70 кесиптик лицей, медициналык колледж, Т.Кулатов атындагы тоо-кен колледжи) электр энергияга, таштанды чыгарууга, ичүүчү сууга кеткен чыгымдарды төлөө тийиштүү мекемелердин жетекчилерине Кызыл-Кыя РЭТ (З.Гульматов), “Тазалык” МИ (К.Турдуматов), “Кызыл-Кыя Сууканал” МИ (А.Сатыбалдыев) сунушталсын.
4. Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (З.Абдрахманова), шаардын Үй-бүлөлүк Медицина Борборуна (Т.Исаев) жана шаардын аймактык ооруканасына (Ж.Рахматулаев) коронавирус оорусу менен күрөшүү үчүн калк арасында жүргүзүлүп жаткан иш чараларды аткарууда жана оору катталган жарандар менен иш алып барууда медицина кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо үчүн тийиштүү иш-чараларды жана окутууларды жүргүзүүнү колго алышсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |