Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-майы №30/126
Кызыл-Кыя шаарынын «Кызыл–Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга иш-планы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 18–майындагы №44 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга иш-планы жөнүндө «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Турдуматовдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэрине (Э.Топчубаев) жана «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасына (К.Турдуматов) шаардын каттуу тиричилик таштоочу таштанды ордун иштетүү боюнча Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимди тийиштүү кызматтар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыска мөөнөттө аягына чейин чыгаруу жагы жүктөлсүн.
3. Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасына (К.Турдуматов) милдеттендирилсин:
– санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлык боюнча түзүлгөн иш чаралардын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы;
– 2020–жылга шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бекитилген иш мэрчемдерин толук жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жагы;
– шаарды санитардык жактан тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн дворниктердин санын көбөйтүүнү уюштуруу жагы;
– шаарды санитардык жактан тазалоо иштерин сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу максатында, шаар жолдорунун четтерин таза шыпырып, андан соӊ суу менен жууп тазалоо жагы;
– 2020–жылы жана андан мурдакы жылдарда шаардын аймагына отургузулган декоративдик жана башка дарактардын көктөп өсүүсүнө камкордук көрүү, сакталышын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
– жугуштуу оорулардын таркалышынын алдын алуу, санитардык абалды жакшыртуу максатында, таштандылар толгон тележкаларды алууда айланасындагы таштандыларды чогултуп тележкага салдыруу, мезгил мезгили менен тележкалардын айланасындагы бетон бордюрларды жана таштандылар топтолгон жайларды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп туруу жагы;
– “Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетин толуктоо максатында ар бир үйдө жашаган адамдардын санын так аныктап, алар менен келишимдерди түзүү жагы;
– каттуу тиричилик таштандыларын алып чыгууга мекеме ишканалар жана уюмдар менен келишимдерди түзүү жана төлөмдөрдүү өндүрүү иштерин активдештирүү жагы.
4. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставын кеңири талкуулоо үчүн шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар катышкан отурум уюштуруп өткөрүү шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |