Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 3-марты №1/3
Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына карата калган 5736,7 миң сом калдыктын эсебинен «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине» ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңшинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен төмөндөгү мекемелерге 4712,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин:
· Нарын шаарында өзгөчө кырдаалды алдын алууга 100,0 миң сом;
· Нарын суу канал ишканасына суу алуучу жайларды кайтарууга 700,0 миң сом, иш убактысында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөгө 800,0 миң сом; сууга кошууга хлор алууга 300,0 миң сом;
· Нарын шаарынын Аксакалдар сотуна 70,0 миң сом;
· Нарын шаардык Ардагерлер Кеңешине 80,0 миң сом;
· Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин ажаатканасына 320,0 миң сом;
· Нарын шаарындагы №9 А.Сыдыков атындагы орто метебинин мугалимдери үчүн ажааткана салууга 65,0 миң сом;
· Нарын шаардык спорт бөлүмүнө коммуналдык кызматкерлердин күнүнө карата спорттук иш-чара өткөрүүгө 40,0 миң сом;
· Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатына 2020-жылдын жазгы жана күзгү чакыруу учурунда аскердик милдеттүүлөрдү Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктоо боюнча иш-чараларды уюштурууга 50,0 миң сом;
· Нарын шаарындагы мектеп окуучулар арасындагы Нарын шаардык Кеңешинин Кубогун өткөрүүгө 150,0 миң сом;
· Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин сыйлоого 117,0 миң сом, социалдык фондго чегерүүгө 20,0 мин сом;
· Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына Нарын шаарындагы айрым көчөлөрдү жарыктандырууга жана айрым аймактарды көрктөндүрүүгө 1200,0 миң сом;
· 2020-жылдын Азия чемпиону У.Жолдошбековго 100,0 миң сом, анын машыктыруучусу М.Акиевге 50,0 миң сом;
· Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына Нарын шаарындагы 5 аялдама курууга 550,0 миң сом.
2. Бөлүнгөн акча каражаты Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде берилсин жана токтомду аткаруу Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |