Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХХI СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 9-марты №1
Нарын шаарынын вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясынын 2020-жылдын 6-мартындагы №03/462 жана 2020-жылдын 9-мартындагы 03/466 сунуш каттарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген «Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерине» ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына катышкан 31 депутаттын 20 добушуна ээ болгон «КСДП» фракциясынан депутат Жумакадырова Назира Мамытовнаны Нарын шаарынын вице-мэри кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Ботоканов |