Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-декабры №33/1
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айылындагы «Ийгилик-9» бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү максатында айыл өкмөттүн 2020-жылдагы бош калган каражатынан акча каражатын бөлүп берүү тууралуу бала бакчанын директору А.Асанбекованын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ийгилик-9» бала бакчасына жалпы 2 999 230 (эки миллион тогуз жүз токсон тогуз мин эки жүз отуз) мин сомдук долбоорго дем берүүчү грантка өздүк салымы катары 449,885 (төрт жүз кырк тогуз мин сегиз жүз сексен беш) сом акча каражаты бош калган каражаттан бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Р.Калмамбетовага тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Т.Турдубековго тапшырылсын.
Төрага | Р. Зарлыков |