Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-декабры №33/2
КР Өкмөтүнүн 03.12.2019 жылдагы №458 буйругунун негизинде Финансы министирлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке кирешенин өсүшү 100% дан110% чейин камсыз кылгандыгы үчүн стимул (дем берүүчү) катары Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 200000 (эки жуз мин) сом акча каражаты бөлүнгөнүн кароо жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 03.12.2019 жылдагы №458 буйругунун негизинде Финансы министирлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке кирешенин өсүшү 100% дан 110% чейин камсыз кылгандыгы үчүн стимул (дем берүүчү) катары Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 200000 (эки жуз) мин сом бөлүнгөн акча каражатын карап, депутаттардын Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине бюджеттин киреше жагынын өсүшүнө салым кошкондугу үчүн стимул (дем берүүчү) максаттуу трансферттен айлык катары эмгек акы жана соц фондго чегерүүсүнө 155,5 жана мындан сырткары кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүп берүү максатында компьютердик жабдууларды алуу учун 44,5 мин сом акча каражаты жумшалсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын жогорудагыдай бөлүнүштө бюджеттин планына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Зарлыков |