Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХIV сессиясы
2020-жылдын 27-январы №34/2
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ак-Кыя айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комитеттин сунушун карап жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 36-беренесине ылайык Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын атайын каражаты 55949 (элүү беш мин тогуз жүз кырк тогуз) мин сом жана бала бакчанын атайын эсебиндеги 43898 ( кырк үч мин сегиз жүз токсон сегиз) мин сом төмөндөгүдөй багытта бөлүштүрүлсүн:
Аппарат
№ | Берене | Аталышы | Суммасы |
1 | 2215 | Ар кандай чыгым үчүн | 55949 |
| Баары: |
| 55949 |
Бала бакча
№ | Берене | Аталышы | Суммасы |
1 | 2218 | Тамак-аш үчүн | 43898 |
| Баары: |
| 43898 |
2. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышы Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Турдубековго жана ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
3.Көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Зарлыков |