Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы
2020-жылдын 6-февралы №35/2
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл учун муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Р.Калмамбетованын жана айылдык Кенештин экономика-бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулар депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезексиз XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл учун муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1 штат - Айыл өкмөт башчысы
1 штат - Айыл башчы
1 штат - Жооптуу катчы
1 штат - Бөлум башчы- башкы эсепчи
3 штат- Башкы адис
2 штат - Жетектөөчү адис
2 штат - Адис
2 штат - Аскердик эсепке алуу столунун инспектору
1 штат – Иш алып баруучу
0,5 штат – Кароолчу
0,5 штат - Тазалоочу
Жыйынтыгы: 15 штат.
2. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин штаттын ыраттамасы 237763 (Эки жуз отуз жети мин жети жуз алтымыш уч) сом менен бекитилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турдубековго,ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Зарлыков |