Редакцияот 06.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы

 

2020-жылдын 6-февралы №35/3

Кыргыз  Республикасынын  “Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө” мыйзамынын  №37 беренесинин 10-бөлүмүн турмушка ашыруу максатында Ак-Кыя айылдык Кенешинин төрагасына бир жолку компенсациясын  жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын  №37 беренесинин 10-бөлүмүн турмушка ашыруу максатында Ак-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезексиз  ХХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Кыя айылдык Кенешинин төрагасына бир жолку компенсациясы  жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.

2.    Бир жолку компенсациясын эсептөө айыл өкмөт башчысынын кызматтык эмгек акысынын негизинде эсептелсин.

3.    Бир жолку компенсацияны эсептеп жана төлөп берүү жагы ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Зарлыков