Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы
2020-жылдын 6-февралы №35/7
Кара-Суу айылындагы «Көл-Төр Уздары» коомдук бирикмесине убактылуу пайдаланууга иш бөлмө берүү жөнүндө
«Көл–Төр уздары» коомдук бирикмесинин башчысы А. Насирдинованын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Суу айылында түзүлгөн «Көл –Төр уздары» коомдук бирикмесине иш бөлмө катары убактылуу пайдаланууга, клубдун имаратында жайгашкан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин иш бөлмөсү бекитилип берилсин.
2. Берилген бөлмө коомдук бирикменин иши токтогонго чейин пайдалануу жагы белгиленсин.
3. Коомдук бирикменин ишин жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана айылдын маданий турмушуна өз салымдарын кошуу жагын колго алуу коомдук бирикменин жетекчиси А. Насирдиновага тапшырылсын.
Төрага | Р. Зарлыков |