Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 21-февралы №36/1
Ак-Кыя айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынын өкүлдөрүнүн,коомдук уюумдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Ак-Кыя айыл аймагынын №4131 Кара-Суу жана №4132 Жаны-Жол участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорун карап жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Кыя айыл аймагындагы №4131 Кара-Суу жана №4132 Жаны-Жол участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөткөн жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. №4131 Кара-Суу жана №4132 Жаны-Жол участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине тизмеге ылайык талапкерлердин тиешелүү документтери Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Сунушталган участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.
Төрага | Р. Зарлыков |