Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-августу № 41/62
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу »
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды натыйжалуу пайдаланууну жүзѳгѳ ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ» жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы №888 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлиги жѳнүндѳ Жобонун » негизинде Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы менен Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн Типтүү келишими бекитилсин.
2. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен соц.адистигине берилген финансылык,материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.
Төрага | Байыш уулу Улук |