Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-сентябры № 42/63
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин, суу чарба курулуштар дирекциясынын курулушту техникалык жактан көзөмөлдөөчү башкы адиси Кенеев Алмазбек Акиевичти сыйлыкка кѳрсѳтүү жөнүндө
Угулду:Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин тѳрагасы Байыш у Улук билдирүү жасап тѳмѳндѳгүлѳрдү белгиледи:
Кенеев Алмазбек Акиевич өзүнүн эмгек жолун 1980-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктагандан кийин Кызыл-Аскер ПМКсында мастер болуп иштөөдөн баштаган.Андан соӊ прораб,участканын начальниги болуп иштеп,такшалган.
1983-1987-жж. Ысык-Көл трестине караштуу Ананьево ПМКсында башкы инженер,Нарын трестинин Ак-Талаа ПМКсынын начальниги болуп ѳдүрүш жолун уланткан.
1987-1990-жж. Ала-Арча ПМКсында №1 участканын начальниги болуп иштөө менен Ак-Талаа районунун Ленин атындагы колхоздун аймагындагы 3500 га суу баскан Ала-Бука насостук станциясын курууда жигердүү эмгектенген.
1990-жылы СССРдин суу чарба министрлигине караштуу «Главзарубежводстрой» дун келишими менен,Ирак Республикасында Багдаддан Персид булуӊуна чейин,Тигр-Евфрат дарыя аралындагы коллектордук дренаждык тармактын ортоӊку бөлүгүнүн курулушунда иштеген.
Кенеев Алмазбек Акиевич 1991-2002-жж. Главкиргизводстройго караштуу «Чуйводстрой» трестинин башкы инженери, «Чүй-булак» ОсООсунун генералдык директорунун орун басары болуп иштейт.
Ал эми 2001-2009 жж. Нарын,Чүй областары боюнча суу чарба курулуштарын калыбына келтирүү жана долборлоо бөлүмүндө техникалык жактан көзөмөлдөө инженери болуп иштеген.Долбоордун ийгиликтүү аяктагандыгына байланыштуу, ага кошкон салымы үчүн айыл жана суу чарба министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болгон.
2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Суу чарба курулуштарынын дирекциясынын техникалык жактан көзөмөлдөөчү башкы адиси болуп үзүрлүү эмгектенип жатат.
Ошондой эле, азыркы учурда Кыргыз Республикасында 2011-2015-жж. жаӊы сугат жерлерди өздөштүрүүдө суу чарба объектилерин куруунун мамлекеттик программасынын алкагында аяктап жаткан алыскы Коӊорчок айыл аймагындагы,Ак-Сай суусунун нугунда курулуш иштерин аягына чыгуу менен ,башкы курама,суу тундурмасы,1,2 км – бетон канал, 11,5 км – таш менен аралашкан бетон канал, 385 м – дюкер, БСР – 97 миӊ м3 ийгиликтүү аяктап, үстүбүздөгү 2019-жылда 600 га – суу баскан жаӊы жер, 200 га – суу менен толук камсыз кылынган мурдагы суу баскан аянт жерлерди пайдаланууга берүүнүн үстүндөгү кызматынын натыйжасы.
Кенеев Алмазбек Акиевич өзүнүн ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, жогорку квалификациялуу, тажырыйбалуу инженер.Суу чарба курулушунун жүрүшүндө келип чыккан проблемаларды жогорку адистик деӊгээлде чече алган,көптөгөн жаш куруучулардан адистик кеӊештерин аябаган,иштин көзүн билген адис катары Коӊорчок айылынын фермер-дыйкандарынын атынан Кенеев Алмазбек Акиевичти «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген куруучу » наамына сунуш кылалы.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Коӊорчок айылдык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеев Алмазбек Акиевичти «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген куруучу » наамына сунушталсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы тиешелүү органдардан суралсын.
Төрага | Байыш уулу Улук |