Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Коңорчок айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
2020-жылдын 10-январы № 48/70
Коңорчок айыл ѳкмѳтүнѳ айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ келишимди бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ,Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап,Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Коңорчок айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ келишим №1тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Коңорчок айыл аймагында аткаруу милдетине айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Калыкова Клара Абдышариповнага бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жана аткаруу жагы Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Акиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий сайтка жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Байыш уулу Улук |