Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
2019-жылдын 19-декабры № 28/1
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б. К. Акишовдун 2019-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2019-жылда жүргүзүлгөн иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовдун отчетун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүүсү боюнча 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысы Б.К.Акишовдун отчету «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Айтылган сын-сунуштар боюнча иш-чара кабыл алынып, өз убагында аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеӊештин туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |