Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 28/3
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор жана токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин регламентине ылайык 2018-жылга карата жыл башынан бери жалпы 8-сессия анын ичинен кезектеги 4 жана каралган маселелерге жараша 4 кезексиз сессия ѳткѳрүлдү. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин иш планына ылайык сессиялар ѳткѳрүлүп, сессияда каралган маселелер боюнча жалпы 39 токтом анын ичинен, азыркы учурда 6 токтом иш үстүндѳ. Калган 33 токтомдор тийешелүү мекемелерге жиберилип, аткарылгандыгын белгилеп, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 2018-жыл ичинде иш план боюнча кезектеги 4 жана каралган маселелерге жараша 4 кезексиз, сессия баардыгы 8 –сессия ѳткѳрүлүп, 39 токтом кабыл алынгандыгы жана Семиз-Бел айылдык Кеӊешинде аткарууга алынгандыгы белгиленсин.
3. Туруктуу комиссиялардын жыйналышында сессияда каралуучу маселелерди комиссиянын талкуусуна коюп, жыйынтык чыгаруу менен комиссиянын ишин жандандыруу боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу туруктуу комиссиялардын тѳрагаларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |