Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 28/4
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап айылдык Кеӊеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Бел жана Кара-Тоо айылдарынан Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Эсеналиев Темирбек Жакыпович менен Букамбаев Муратбек Мамыткановичтин талапкерликтери сунушталсын.
3. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрага | Р. Базаркулов |