Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
2019-жылдын 19-декабры № 28/6
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылга карата түзүлгөн стратегиялык жана инвестициялык планын алымча кошумчасы менен бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылга карата түзүлгөн стратегиялык жана инвестициялык планын алымча кошумчасы менен бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн Инвестиция жана долбоорлор менен иштөө боюнча башкы адиси Ниязбек кызы Махабаттын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын 2020-2022-жылга карата түзүлгөн стратегиялык жана инвестициялык планы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Бекитилген стратегиялык жана инвестициялык пландын аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы айыл өкмөтүнүн Инвестиция жана долбоорлор менен иштөө боюнча башкы адиси Ниязбек кызы Махабатка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Базаркулов |