СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХIX-сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 29/1
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымованын отчетун, айылдык Кенешинин экономика-финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү, айыл чарба жер реформасы, байланыш, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б. Ашырбековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамына ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенеши Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер бөлүгү 12833,7 мин сомго, мунун ичинен атайын каражат 1723,6 мин сомго, жана чыгашалар 10488,3 мин сомго мунун ичинен атайын каражат 7772,2 мин сомго аткарылганы белгиленсин. Жыл башында калган калдык 574,1мин сом, атайын каражаттан 66,1мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Базаркулов |