Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХIX-сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 29/4
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 4-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыт комитетинин эсепчиси Кушконор кызы Т. маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин киреше бөлүгү жалпысынан 562,0 миӊ сомго бекитилсин, мунун ичинен жайыт салыгы 106,4 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Киреше бөлүгү | ||
| Малга жайыт акы жана салыгы |
|
1 | Мобилдик байланыштын станциясынан | 120,0 |
2 | Кой 14,084 х 12 = 169,008 | 169,008 |
3 | Уй 2339 х 60 = 140,340 | 140,340 |
4 | Жылкы 1751 х 60 = 105,060 | 105,060 |
5 | Туризм 27592 | 27592 |
| Баары: | 562000 |
Чыгаша бөлүгү | ||
1 | Семиз-Бел а/ө жайыт салыгы үчүн | 106,4 |
2 | Транспорт чыгымдары үчүн | 50,0 |
3 | Эмгек акы | 228,2 |
4 | Соц.фонд 17,25% | 39,4 |
5 | Иш сапарына | 10,0 |
6 | Коммуникациялык чыгым | 7,0 |
7 | Канцелярдык товарлар үчүн | 7,0 |
8 | Мамлекеттик банк чыгымдар үчүн | 3,0 |
9 | Ар башка чыгым | 30,0 |
10 | Жайыт жакшыртуу | 37,0 |
11 | Жайыт билетин жазатуу үчүн | 14,0 |
12 | Кара-Булак участкасына аштоо, суу толтуруучу бачок | 30,0 |
| Баары: | 562,0 |
2. Семиз-Бел Жайыт комитетине караштуу трактору МТЗ-92 бүгүнкү күндө иштеп жатат. Тракторист Кубатов К. өзүнө кете турган чыгымдарды өзү иштеп таап, техникалык абалын толук шартта кармап туруусун милдеттендирилет. Айыл Ɵкмөттө жана Жайыт комитетинде боло турган жумуштарын бекер бүтүрөт.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго жана жайыт комитетинин төрагасы Т.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Базаркулов |