Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI– сессиясы
2020-жылдын 30-январы № 36/2
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2020-жылга карата бош калган каражатты бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин жана ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин 01.01.2020-жылга карата бош калган каражатты бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2020-жылга карата бош калган каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнүштө бөлүнсүн.
Бюджеттик эсептеги:
№ | Раздел | Чыгымдоо статьясы 3111 |
1 | Ак-Жар айылына жаңы бала бакчасын куруу | 3 000 000 |
2 | Бугучу айылына машыгуу залынын курулушуна | 279 634 |
3 | Кум-Дөбө айылындагы бала бакчанын бүтө элек бөлүгүн бүткөрүү боюнча түрткү берүүчү грантка өздүк салым | 659 000 |
| Жалпы | 3 938 634 |
Атайын эсептеги:
№ | Раздел- бала бакча 70911 | Чыгымдоо статьясы | Баары | |
2222 | 2215 | |||
1 | Раздел- бала бакча 70911 “Балаты-Нур”, “Сезим-М”, Шамшы Келечеги жана Бусурман у Шаабай ат. бала бакчаларына идиш аяк, ж.б. материалдарды сатып берүү. |
180 366 |
|
180 366 |
2 | Аппарат 70111 Спорттук иш чаралар үчүн |
| 120 296 | 120 296 |
| Жалпы | 180 366 | 120 296 | 300 662 |
2. Жогорудагыдай багыттарда бөлүнгөн каражатты каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы каражаттарды өз багыттарында каржылап, өздөштүрүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге, ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана өз жоопкерчилигиме калтырылсын.
Төрага | А. Өмүров |