Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 36/3
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин, айыл өкмөтүнүн 2020-жылга түзүлгөн иш пландарын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун 2020-жылга түзүлгөн иш пландары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3. Түзүлгөн иш пландын негизинде кварталга бөлүп, тиешелүү кызматкерлерге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп аткаруу жагы жооптуу катчы Ө.Ишенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |