Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI– сессиясы
2020-жылдын 30-январы № 36/4
Айыл аймагында келечекте жаштарга турак жай куруу үчүн трансформациялоо сунушталган жерлер жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн жер, жер турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун маалыматын, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда:
- Бугучу айылынын күн батыш тарабында жайгашкан “Желе-Дөбө2 участкасынан 50 га, келечекте планга турак салууга, ал эми күн чыгыш тарабындагы огородго бөлүнүүчү “Желе-Дөбө” участкасынын күн батыш тарабындагы тарыхый эстеликтер түбөлүк сактоого алынсын.
- Шамшы айылынын түндүк тарабында жайгашкан “Кум-Бел” участогунан 60 га келечекте план турак жай салууга.
- Кум-Дөбө айылынын түндүк тарабында жайгашкан “Кара-Дөбө” участогунан 40 га келечекте план турак жай салууга.
- Ак-Жар айылынын түндүк тарабындагы “Сакебай” участогунан 20 га келечекте план турак жай салууга айыл өкмөтү боюнча 170 (бир жүз жетимиш га) жер трансформациялоого (калктуу конушка) сунуш берилсин.
2. Жогорудагы айылдар боюнча трансформациялоо (калктуу конушка) сунушка 170 (бир жүз жетимиш) га жерлердин тиешелүү кагаздарын даярдап тактап берүү жагы жер, турак жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |