Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI– сессиясы
2020-жылдын 30-январы № 36/5
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы КААБдын (коомдук алдын-алуу борбору) курамын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевдин маалыматын, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн буйругу менен өзгөртүлүп түзүлгөн КААБдын (коомдук алдын-алуу борбору) курамы бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү КААБдын (коомдук алдын-алуу борбору) атайын Жобосу, коомдук уюмдардын милдеттери жана түзүлгөн иш пландын негизинде жүргүзүлсүн.
3. Айыл аймагында коомдук коопсуздукту алдын-алуу, кылмыштуулукту болтурбоо жагы колго алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |