Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХVII– сессиясы
2020-жылдын 2-марты № 37/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин” 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун “Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин” 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин” 2020-жылга жалпы киреше бөлүгү 655 000 (алты жүз элүү беш миң) сом өлчөмүндө, чыгаша бөлүгү 655 000 (алты жүз элүү беш миң) сом болуп бекитилсин.
2. 2020-жылдын киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Абдыраимова, А.Касмалиева, Ж.Дүйшекулова жана Ж.Романоваларга тапшырылсын.
3. Токтомдо көрсөтүлгөн киреше, чыгашалар бөлүктөрүн мыйзам чегинде көзөмөлгө алып туруу жагы ФЭБ башчысы Б.тажиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджеттик жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |