Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-марты № 37/3
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 21.11.2019-жылдагы № 34/6-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында “Келечек” өнүктүрүү фонду уюштуруу боюнча чыккан 21.11.2019-жылдагы XXXIV-сессиясынын 6-токтомуна өзгөртүү киргизип, толуктоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Келечек” айыл аймагын өнүктүрүү фонду мекемесин түзүлсүн.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн алдында “Келечек” айыл аймагынын өнүктүрүү Фонду” мекемесин түзүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы “Келечек” айыл аймагын өнүктүрүү Фонду” мекемесинин аталышын, Уставын, юридикалык аталышын, фондун жетекчисин жана эсепчи бухгалтерине буйрук чыгарып бекитүү жагы милдеттендирилсин.
4. Өнүктүрүү Фонддун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Өнүктүрүү Фондунун башчысы ишмердүүлүгү боюнча айылдык кеңешке отчётун бир жылда бир жолу берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрагасына калтырамын.
Төрага | А. Өмүров |