Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы №22/3
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булун, Төш-Булак, Орто-Саз айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн жайыт жеринен курулуш курууга жерди трансформациялоого сунуштоо жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адис К.Асанбековдун билдирүүсүнүн негизинде, Чет-Нура айылдык кеӊешинин кезектеги XХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Булуӊ, Төш-Булак, Орто-Саз айылдарындагы инвентардык контурлары №1277, №1276, №2686, №2690, №2800, №2451, №1504 жерлерди жайыт жерден элдин муктаждыгына таза суунун резервуарын жана каптажын куруу үчүн трансформацияга сунушталсын.
2. Мыйзам чегинде трансформацияга чыгаруу боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси К.Асанбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Сыдыкбеков |