Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
2020-жылдын 29-январы №23/5
Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча , «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22- беренелерине ылайык, Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы № 4033, №4034, №4035, №4036, №4168 участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү максатында,эмгек жамааттарынан,шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Чет-Нура айылдык кеӊешинин кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы № 4033, №4034, №4035, №4036, №4168 участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү максатында,эмгек жамааттарынан,шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарга ылайык,тизмедеги жарандар № 4033, №4034,№4035,№4036, №4168 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын.
2. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т.Сыдыкбеков |