Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХХIV сессиясы
2019-жылдын 11-ноябры № 44/1
«Кара-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Кара-Суу айылдык кенешинин укук сактоо, мыйзамдуулук, депуттатык этика, социалдык маселелер жана коомдук бирикмелер менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кара-Суу айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Кара-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобосу бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Кара-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобосу сайтка жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык кенешинин укук сактоо, мыйзамдуулук, депуттатык этика, социалдык маселелер жана коомдук бирикмелер менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жумабеков |