Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХХV сессиясы
2019-жылдын 27-ноябры № 45/1
Кара-Суу айыл аймагына социалдык шаарча куруу боюнча жер аянтчасын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагына бөлүнүп берилген жерге социалдык шаарча куруу боюнча маселеси талкууланып, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык шаарча куруу боюнча Кара-Суу айыл аймагына караштуу Орток айылындагы “Боз” участкасынан жана Ак-Талаа айылындагы “Жон” участкасынан бөлүнүп берилсин.
2.Кара-Суу айыл аймагына социалдык шаарча куруу үчүн бөлүнүп берилген жерге керектелүүчү документтер даярдалып жана тиешелүү тараптарга кайрылуулар жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Жумабеков |